Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуКадамжай району 26.02.2019 12:01 Жаңыланды: 26.02.2019 18:23 На русском

5 балалуу келиндин өлүмү: Күйөө баласы менен кайын сиңдиси эмнеге таш менен жанчып өлтүргөндүгү такталды

Turmush -  2018-жылдын 18-майында Кадамжай районунда 39 жаштагы А.Нуржамалдын кайын сиңдиси менен күйөө баласы тарабынан өлтүрүлүшүнүн себеби такталды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Айыпталуучулар кимдер?

Шектүү катары Канатбек (аты өзгөртүлдү, Б.К.Т.) менен жубайы Асылгүл (аты өзгөртүлдү, А.А.А.) кармалган. Асылгүл каза болгон Нуржамалдын бир тууган кайын сиңдиси болгон. Канатбек болсо Асылгүлдүн күйөөсү.

Эмне үчүн Нуржамалды өлтүрүшкөн?

Жубайлар Нуржамал, анын жолдошу бала-чакасы менен жашап келе жаткан үйдү ээлеп алуу үчүн ушундай кылмышка барышкан. Тергөө учурунда алар бул ишти атайын макулдашып жасашкандыгы такталды. Алар Кадамжай районунун Чоң-Кара айылында кайын агасынын (Нуржамалдын күйөөсү) үй-бүлөсүнүн үйүндө жашап жүрүшкөн. Үйгө ээ болуш үчүн кайын агасынын аялы Нуржамалды жок кылуу керек деген тыянакка келишкен. 2018-жылдын 17-майынан 18-майына караган түнү Канатбек менен Асылгүл жеңеси Нуржамал тапчанда уктап жаткан учурда кол салышкан. Алар жеңесин уктап жаткан жеринен каракушка таш менен бир нече жолу чабышкан. Андан кийин кайын сиңдиси атайын ала келген жипти жеңесинин мойнуна ороп муунтуп, мойнун артка карай кайрыган. Ошол учурда Нуржамал тыбырчылабасын деп Канатбек аны бекем кармап турган. Нуржамал өлгөндөн кийин аны өзү өлдү деген кокустук катары көрсөтүү үчүн денесин көтөрүп барып, Бүргөндү-магистраль каналына ыргытып жиберишкен.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Нуржамалдын оң каракуш чыкый бөлүгүндө согулган сокудан айрылган жаракаты, сол көзүнө көгөргөн тагы аныкталган. Мойнунда жип менен муунтуудан калган так болгон. Моюн омурткаларынын кемирчектери айрылып кеткен. Каналга ыргытылган кезде жансыз абалда болгондугу аныкталган.

Нуржамалдын денеси табылган учур

Сот аларга кандай жаза берген?

Канатбек менен Асылгүл биринчи инстанциядагы сотто КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен (киши өлтүрүү) айыптуу деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылган. Канатбек бул өкүмгө макул болбой, облустук сотко даттануу берген. Ал аялы Асылгүл өзүнүн жеңеси Нуржамалды өлтүрүп койгондугун айткан. Ал аялы болгон үчүн ага жардам берип, жеңесинин денесин каналган таштоого жардам бергендигин билдирген. Асылгүл аялы болгондуктан сотко чейин ал эмне десе макул боло бергендигин айткан.

Ошондуктан аны Кадамжай райондук сотунун 2018-жылдын 20-ноябрындагы өкүмүнүн өзүнө тиешелүү бөлүгүн алып салууну, аракетин жасалып бүткөн кылмышты жаап-жашырууга катышкандыгы үчүн туура квалификациялап, камакка байланышпаган жаза берүүнү суранган. Ал арыз облустук сотто 2019-жылдын 24-январында каралып, Кадамжай райондук сотунун 2018-жылдын 20-ноябрындагы өкүмү (20 жылга каматкан) өзгөртүүсүз калтырылган болчу.

Нуржамалдын денеси 18-май күнү жерге берилген. Анын артында жолдошу менен 5 баласы калган.

Бул окуянын чоо-жайын, Нуржамалдын бир туугандарынын, күйөөсүнүн айткандарын бул шилтемеден окуй аласыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×