Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 25.02.2019 16:23 На русском

Кызыл-Кыяда баңгизат сактап жүргөн чет өлкөлүк адам кармалды

Turmush -  22-февраль күнү Кызыл-Кыя шаарында баңгизат сактап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстандын Фергана облусунун Маргилаң шаарынын 38 жаштагы З.М. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан желим баштыкка сактаган өзгөчө жыты бар, жашыл күрөң түстөгү, салмагы 21,73 г түзгөн зат табылган.

Андан кийин ал убактылуу жашап жүргөн Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы үйдөн ширеңкенин кутусуна сактаган 21,05 г зат табылган. Экспертизанын корутундусунда алынган заттар марихуана экендиги аныкталды. Кармалган адам убактылуу камакка алынып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×