Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 01.03.2019 21:31 Жаңыланды: 21.04.2019 22:51

Айыл турмушу: Пенсионер М.Мурзалиева күнүнө 10 миң сомдой киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын 63 жаштагы тургуну Мавлюда Мурзалиева акыркы 6 жылдан бери тоок фермасын иштетип келет. Аймактык кабарчы элеттик ишкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда анын фермасында декалб породасындагы 2 миңден ашык тоок бар. Бир күндө ал 1900гө жакын жумурка алат. Жумурткалардын бир даанасын 6 сомдон сатат.

«Алгач 10%дык үстөк пайыз менен Ош шаарындагы тоок фермадан 1 миң тоок алып келдим. Жөжөсүн 350 сомдон алгам, 4 жылдан кийин дагы 1 миң тоок сатып алдым. Учурда фермада 2 миңден ашык тоок бар. Бул тооктор 4 айлык кезинен баштап эле жумуртка берип баштады. Азыр анын санын көбөйтүүнү пландап жатам. Алгач бул ишкерчиликти баштар алдында 2 миң тоокко ылайыкташтырып сарай салганбыз», - дейт М.Мурзалиева.

Анын айтымында, ал тоок багуу боюнча атайын окуудан дагы өтүп келген.

«Декалб породасындагы тооктор башка тоокторго караганда таза болушат. Алар жайы-кышы тууйт. Кышкысын сарайды жылуулап турабыз. Күнүнө 3 маал жем берем. Жемди Оштон атайын даярдалган жерден 1 килограммын 35 сомдон сатып алам. Күнүнө жалпы 300 килограммдай жем кетет. Сууну аппараттын жардамы менен ичишет. Ал эми тооктун кыгын кошуналарыбыз жер семирткич катары алып кетишет», - деди фермер.

М.Мурзалиева 35 жыл райондун аймагындагы мектептерде ашпозчу болуп эмгектенген. Учурда пенсияда. 1 уул, 3 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×