Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусуЛейлек району 25.02.2019 13:04

Чек арадагы Интернационал айылындагы көпүрө 2 элдин каршылыктарынан улам 3 жылдан бери оңдолбой жатат (видео)

Turmush -  Кыргыз-тажик чек арасындагы Лейлек районунун Интернационал айылындагы көпүрө 3 жылдан бери оңдолбой турат. Бул тууралуу айылдыктар билдиришти.

Айылдыктардын айтымында, аталган көпүрөдөн 2 унаа өтө албайт. Жүргүнчүлөргө кооптуулук жаралууда.

«Бул жол аркылуу Интернационал айылынын эли Тажикстандын Овчикалача айылына киришет. Ал эми тажиктер бизге келишет. Биздин соодабыз, базарыбыз бир. Азыр каттам кыйындап калды. Элдин жүрүшүнө кооптуу. Каналга түшүп кетүү коркунучу бар. Тосмолор дагы жок. Көпүрөнү 3 жыл мурда чоң унаа өтүп жатып бузуп кеткен. Ошондон бери оңдолбой турат», - деди жергиликтүүлөрдүн бири Садирбек Атакулов.

Интернационал айылынын башчысы Мурзабек Жумабаевдин айтымында, көпүрөнү оңдоо маселесин жогору жактагылар сүйлөшүп чечип берсе жакшы болмок.

«Канал тажиктердики. Сууну тажиктер пайдаланышат. Жер биздики, Кыргызстанга карайт. Көпүрө 3 жыл мурда май ташыган чоң унаа кулап кеткенде бузулуп кеткен. Аны кайра оңдойлу десек тажик тарап «чек арада курулуш курууга болбойт» деп көнбөй койгон. Көпүрөнү тажиктер куралы десе биз каршы чыгабыз. Биз куралы десек тажиктер каршы чыгышат. Анткени делимитация иши жүрсө ким курса ошол жакка өтүп кетет. Бул маселени биз чече албайт экенбиз. Жогору жактагылар эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен чечип берсе, ушул көпүрөнү оңдосок эки элдин ынтымагына, каттамына жакшы болмок», - деди Жумабаев.

Интернационал айылы Тажикстандын Овчукалача айылы менен чектешет. Элетте 5 миңге жакын адам жашайт.

Буга чейин 2017-жылдын 5-октябрында Лейлек районунун Интернационал айылында көмүр ташыган «HOWO» кырсыкка кабылганы кабарланган.

Күбөлөрдүн бири Нурали Пайзиевдин айтымында, кырсык саат 15:00 чамасында кыргыз-тажик чек арасындагы көпүрөдөн болгон. 20 тонна көмүр жүктөп, Тажикстанга өтүп бара жаткан «HOWOну» чакан көпүрө көтөрө албай, унаа жолго чөгүп кетти. Кырсыктан айдоочу жана башкалар жабыр тарткан жок. «HOWOну» 2 сааттан кийин Тажикстандан келген кран менен тартып алып чыгышты. Айдоочу Кыргызстандын жараны. Ал көмүрдү Сүлүктү шаарынан жүктөп бара жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×