Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуКадамжай району 25.02.2019 12:14 На русском

Байгеде алтын кур, унаа, төө... Кадамжайдагы аламан улакка чет өлкөлүк улакчылар да келди (сүрөт)

Аламан улак тартыш, Кадамжай району
Аламан улак тартыш, Кадамжай району
// Turmush

Turmush -  Кечээ, 24-февраль күнү Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагында мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин элесине арналган аламан улак тартыш жана аргымак жарыш оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Акыл Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, оюндарга мамлекеттик ишмердин уулу баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары күбө болуп, Өзбекстан, Тажикстан, Татарстандан келген улакчылар катышты. Аламан улак тартышта байгеге алтын кур, автоунаа, 10 тай, 20 кой, 1 төө, акчалай сыйлыктар коюлду. Баш байгени, тактап айтканда алтын курду Кадамжай шаарынан чыккан улакчы Камал Нарбаев жеңип алды.

Бул иш-чараны өткөрүүгө Кадамжай районунан чыккан 10 белгилүү улакчы жана Бишкек шаарында эмгектенген Кадамжай районунун тургундары демөөрчүлүк кылышкан. Мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келет.

Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында төрөлүп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган. Ал Кыргызстандагы белгилүү мамлекеттик ишмер болуп, «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×