Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусуЛейлек району 25.02.2019 10:40 На русском

Бөрүлүү мезгил: Лейлекте көк жал карышкыр атылды (сүрөт)

Turmush -  22-февралда Лейлек районунда карышкыр атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана жаратылышты коргоо департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, болжол менен 9-10 жаштагы карышкырды Катраң айыл өкмөтүнүн Баул айылынын тургуну Бүркүт Козубаев аткан.

«Айылдагы жылкыларды жеген дал ушул чоң карышкырлар. Мындай карышкырлар Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө да бар. Аларды атып өлтүрүү же капкан менен кармоо да кыйын. Буйруса ал чоң карышкырды да атабыз. Былтыр 2018-жылда мындай чоң 5-6 карышкыр атылган», - деди департаменттин башчысы Абдилла Өсөров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×