Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуБаткен району 25.02.2019 09:36 На русском

Москвада баткендик адамды электропоезд уруп кетип каза болду. Сүрөт

Turmush -  Баткен районунун Рават айылынын тургуну У.Т.ны Москва шаарында электропоезд уруп кетип каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Нурмаматов тастыктады.

«У.Т. 33 жашта. Анын ата-энеси ажырашып кеткенден кийин таене, таятасынын колунда чоңойгон. Жубайы экөө 1-2 балалуу болгондон кийин ажырашып кетишкен. Чарба китебин карасам аялы, балдары катталбаптыр. Аны сүрөттөн туугандары таанышыптыр. Бизге да кабар 24-февраль күнү жетти.

Туугандарынын айтымында, ата-энеси Москвада болгондуктан бул жактан эч ким барбай, алар өздөрү алып келе турган болду. Азыркы көйгөй — маркум У.Т.нын жанында паспорту жоктугунда болуп жатат. Ал жагын да караштырып жатышат. Эгерде айыл өкмөт тараптан колдоо керек болсо жардам кылууга даярбыз», - деди ал.

уку

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×