Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 22.02.2019 18:10 На русском

Кызыл-кыялыктар милиция кызматкерлери боюнча ишти караган Жогорку соттон адилет чечим күтөт

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 4 милиция кызматкеринин иши боюнча Жогорку соттон адилеттүү чечим күтөт. Бул тууралуу алар бүгүн, 22-февраль күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Алардын айтымында, 2013-жылы мектеп окуучусунун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши токтотулуп, Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлердин өздөрүнө кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш соттон сотко өтүп, облустук сотко чейин жеткен. Облустук сот ишти карап чыгып, милиция кызматкерлерин күнөөсүз деп тапкан. Кийинчерээк иш апелляциялык тартипте Жогорку сотко өтүп, биринчи отуруму болгон.

Маркум окуучунун апасы Анипа Колдошева баласынын өлүмү тууралуу айтты.

«2013-жылы балам бычакталып каза болгон. Буга шектүү катары өзүнүн достору кармалган. Кийинчерээк күз айында милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачып, балдар камалганы калганда бул иш түшүнүксүз токтолду. Баламды өзүнө-өзү бычак сайган деп кеп таратышты.

Окуя болгон күнү баламды досу чакырган экен. Кийин кылмышка шектелген балдар чыгарылып, азыр алар Орусияда жүрүшөт. Эмнеге кылмышка шектүүлөр чет мамлекетте жүрүшөт? Кылмыш кылгандар эркиндикте жүрөт дагы, кылмыш кылбагандар соттолуп жатат», - деди Колдошева.

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Асия Танаева окуучунун өлүмүнө шектүү катары анын досу кармалгандыгын, жада калса кылмышка шектүүнүн иниси агасы маркум окуучуга бычак сайып жибергендигин айтканын эстеди.

«Мен маркум баланын аяш энеси болом. Бул окуяга эмне үчүн бейөкмөт уюмдар киришип жатат? Алар бул иште жабырлануучу болуп алгандардын айткандарын угуп, эмне үчүн бизден эч нерсе сурашпайт?

Бизди коргогон милицияны айыпсыз эле күнөөлүү деп жатышат. Анан буга чейин кылмышка шектүүнүн иниси, агасы маркум окуучуга бычак сайгандыгын, кийин качып кетишкенин, кайтып келгенде да тирүү болгону үчүн тез жардам чакырышканын айткан», - деди Танаева.

Ал эми учурда иши Жогорку сотто каралып жаткан милиция кызматкерлеринин биринин апасы Меймангүл Орунбаева алардын күнөөсүз экенин, бул ишти Ош облустук соту ийне-жибине чейин карап чыгып, милиция кызматкерлерин айыпсыз деп тапканын билдирди.

«Баланын өлүмүнө шектүүлөрдү таап, иш аягына чыгайын деп калганда кылмыш иши токтотулуп, милиция кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголду. 5 жылдан бери ушул иштин аягына чыкпай келебиз. Бул арада алар жумуштан бошотулушкан. Жеке менин баламдын балдары бар. 5 жылдан бери иштебейт. Анан үй-бүлөсүнө кыйын болууда. Ал эми кылмышка шектелген балдар боюнча соттун чечими чыкмайын күнөөлүү деп айта албайм. Бирок менин балам жана алар менен бирге иштегендер такыр күнөөсүз. Бул иш боюнча облустук сот адилеттүү чечим чыгарды. Тактап айтканда, Ош облустук соту бул ишти ийне-жибине чейин карап чыгып, ишке тиешелүүлөрдү сурап, милиция кызматкерлердин айыпсыз экени белгилүү болгондон кийин аларды актады. Эми өздөрүн жабырлануучу деп алган тарап апелляциялык тартипте Жогорку сотко кайрылышкан. Жакында эле Жогорку соттун биринчи отуруму болду. Мен ойлойм, бул иш боюнча Жогорку сот адилеттүү чечим чыгарат. Ошондой эле бул ишти акыйкаттуу аягына чыгарууну суранабыз», - деди Орунбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (858)
«РСК Банк»
28.5% (543)
«Айыл Банк»
8.92% (170)
...
Всего голосов: 1905
×