Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусуЛейлек району 22.02.2019 20:20

Элет көйгөйү: Лейлектин Сада айылы СССР учурунан бери электрди Тажикстандан алат (сүрөт)

Turmush -  Лейлек районунун Сада айылы электр энергияны дагы деле Тажикстандан алып пайдаланууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан тышкары облус жетекчиси сел аккан сайга коюп берүүнү убадалаган контейнер көпүрө 1 жыл өтсө да толук бүтө элек.

«Биздин жолубуз Тажикстандан өтөт. Ал жердеги чоң каналга көпүрө салабыз десек өткөн жылы тажик тарап каршы болуп, Максат—Кулунду жолун тосуп алышкан. Натыйжада эки тараптуу сүйлөшүү болуп, Баткен облусунун башчысы Абиш Халмурзаев бизге контейнердин ордуна көпүрө салып берген. Ал эми контейнерди сел аккан сайга коюп беребиз дешкен. Бирок бүгүнкүгө чейин бүтө элек.

Электр энергиясын ушул 24 кожолук СССР убагынан эле Тажикстандан колдонуп келебиз. Өткөн жылы Кыргызстан өзүбүз камсыз кылабыз деп облус башчысы тиешелүү жетекчилерге дайындап, электр чубалгыларын тартып келишкен. Бирок электр энергиясы жок. Дагы деле Тажикстандан алып, пайдаланып жатабыз», - деди Сада айылынын тургуну Нурмат Шакиров.

Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Тажибаевдин айтымында, өткөн жылдын 8-февралындагы эки тараптуу чырдан кийин Баткен облусунун жетекчилиги «Ош электр» ишканасы менен биргеликте Сада айылын көз карандысыз электр энергиясы менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген. Бирок тажик тарап менен пикир келишпей, электр энергиясы бериле элек.

«Сада айылына контейнер коюп бергенбиз. Анан 5-6 млн сомдук иш аткарылып, 1 трансформатор, анан электр чубалгылары барган. Бирок тажик тарап менен пикир келишпей, өзүбүздүн электр токтору улана элек. Азыр тажик тарап берип турат», - деди Тажибаев.

Сада айылы Тажикстандын Пахтабат айылы менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×