Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусуЛейлек району 22.02.2019 18:00 Жаңыланды: 26.02.2019 13:51

Лейлектин К.Сабыров айылындагылар курттаган сууну ичип жатышат. Айыл өкмөт эл жалган айтып жатканын билдирди. Видео

Turmush -  Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Курбаналы Сабыров айылынын эли СССР убагынан бери таза сууга жетпей жүрөт. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, айылдагы таза суу түтүгүнөн булганыч суу чыгат.

«Биздин айылга кошуна Миң-Жыгач айылынан суу түтүгү тартылган. Ал жердеги сунун башы булганыч, курт баскан суу. Санитардык талапка жооп бербейт. Ошондон келген сууну бул жактагы Курбаналы Сабыров айылынын 100дөй кожолугу ичип жатабыз. Көп жолу жергиликтүү бийликке кайрылдык. Алар карабай жатышат», - деди айыл тургуну Уланбек Нийматов.

Бул булганыч суудан айылдагы 2 мектеп, 1 бала бакча да колдонот. Андыктан сарык оорулары көбөйгөн.

«Айылды камсыз кылган ушул түтүктөрдөгү булганыч суу. Мындан башка суу жоктугунан колдонууга аргасызбыз. Балдар да ушул суудан ичишет. Санитардык абал сакталган эмес. Андыктан өткөн жылы бала бакчадагы 15тей бала сарык оорусу менен оорушкан», - деди айыл тургуну Талантбек Машрапов.

Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Коңурбай Дилмуратов жогорудагы маалыматтарды четке какты.

«Бул айылга Миң-Булак айылынан таза суу келген. Маселе мурда эле чечилген. Түтүктөр мурда эле тартылган. Айылда таза суу маселеси, сугат суу маселеси жок. Быйыл таза сууну кеңейтүү жагын карап жатабыз. Элдер жалган маалыматты жарыялап жатышат», - деди Дилмуратов.

Айылдыктар бул маселени карап берүү өтүнүчү менен президентке да кат жазышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×