Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусуЛейлек району 22.02.2019 15:35

Лейлек районунда 10 миңден ашуун жаран жер ала албай, кезекте турушат

Turmush -  Лейлек районунда 10 миңден ашуун жаран жер ала албай кезекте турушат. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Анын айтымында, жер маселеси райондун ар бир айылында бар.

«Бизде жерлерди трансформациялоо токтогондон бери жер маселеси бар. Биз жакында айылдарды аралап, элдин көйгөйлөрү менен тааныштык. Баарында ушул маселе. Райондогу биринчи маселе ушул болуп калды. Азыр 10 миңден ашуун жаран жер алуу үчүн арыз жазып, кезекте турушат. Ал эми трансформациялоого муктаж 24 миң гектар жер бар. Азыр эң ири 2 долбоордун алкагында 20 миң гектар жер өздөштүрүлсө, 3 миң гектары Сары-Таш участкасында. Бул долбоор да колдоо таап калса Катраң айылындагы жерлер да өздөштүрүлөт. Жалпы 24 гектар жер өздөштүрүлөт», - деди аким.

Лейлек районунда жалпы 140 миңден ашуун адам жашайт. Алардын айрымдары миграцияда жүргөнү менен райондо катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×