Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Нарын облусуКочкор району 21.02.2019 23:10 На русском

Элдик уламыш: Кочкор өрөөнүндөгү Манастын издери (видео, сүрөт)

Turmush -  Кыргыз жергесинде Манас баатырга байланышкан жер аттары көп. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Кочкор өрөөнүндө Манастын ысымы менен байланышкан жер аттарына кызыкты.

Кочкордогу жер аттарына кызыккан Болот Асанбеков жана Кайырбек Коңурбаев деген адамдардын айтымында, Соң-Көлдө Манаска байланыштуу Манастын мамы ташы, тулга ташы, Кум-Дөбөдө жана Дөң-Алыш айылдарында Манастын кырк чоросунун күмбөзү, Семиз-бел айылында Кыргылчалдын күмбөзү, Орток айылынын Кара тоосунда Манастын ору деген жерлер бар. Манастын тулгасы же таш тулга – Соң-Көлдүн түштүк-чыгыш жээгиндеги Кум-Бел жана Тепши сайларында жайгашкан. Ал чоң таштар менен жасалган 9 тегерек коргончодон турат. Алардын диаметри 3,35–3,66 метр. Ар бир тегерек коргончо 8 гранит көлөмдүү жылма кой таштан турат. Кой таштардын чоңдугу 91,3–152 см. Алыс эмес жерлеринде бир топ чакан дөбө-бейиттер (көрүстөн) жана 2 таш мамы бар. Жергиликтүү эл бул эстеликтерди «Манас атын байлаган таш мамы» деп атап келишет. Аккуланын мамысы жерден 90 сантиметрден ашык чыгып турат. Жер астындагы бөлүгү канча экендиги белгисиз. Ал аймакта мындай таштар жок, жайык келген көк шиберлүү жер, тоо алыс. Атайын башка жерден алынып келип коюлган таш эстелик экендиги көрүнүп турат. Уламыш боюнча Манас кырк чоросу менен Соң-Көлгө келип, Аккуланы мамыга байлап, өздөрү ал жерге эс алып, тамак бышырып, түнөп кеткен дешет.

Кочкордун Орток айылы тарапта Ортоктун Кара тоосунда Манастын ордосу бар. Кара тоонун эң бийик жери 3000 метр болсо, Манастын ордосу жайгашкан жер 2 миң 800 метр бийикте. Бул жерде Манас ордо оюнун ойногон деген уламыштар айтылат. Тоодо Манас каздырган ор (зындан, абак, түрмө) бар. Азыркы учурда анын тереңдиги 8 метр, түбүнө 6 же 12 адамды салса бата турган зындан экени көрүнүп турат. Кезинде анын тереңдиги 20-22 метр болгон деп божомолдонууда. Ортоктун тоосу ушул «ор тоо» , «ор турган тоо» деген аталыштан Ортоо деп айтылып, кийин Орток болуп калышы дагы мүмкүн. Азыркы учурда Манастын ордосу батыштан чыгышка 20 метр, түштүктөн түндүккө 24 метр созулуп чым басып турат. Тоого Кочкор-Ата мазарынын чыгышынан айланып, Кара-Булуң тарабынан чыгып жүрүшөт. Автоунаалар ал жерге жете албайт. Жөө барууга туура келет. Ортоктун Кара тоосунда эч нерсе өспөгөн менен Манастын ору турган үстүңкү бетинде түркүн-түстүү гүлдөр, шиберлүү чөптөр өсүп, өзүнчө эле керемет.

Кырк чоронун күмбөздөрү боюнча уламыштарда мындай айтылат.

«Манастын кырк чоросу Семетейге баш ийгиси келбей “балам, биз карыдык, жоокерчиликтен жададык. Тынч жашайлы” дешет. Анан Кытай тарапка качып жөнөшөт. Семетей кууп жетип “кайткыла” десе, Семетейге кол салышат. Ошондо Манастын уулу Семетей аларды кууп олтуруп кырып, жок кылат. Кырк чоронун жыйырмасы Кочкордун Кум-Дөбөсүндө, калган жыйырмасы Дөң-Алыш аймагында кырылат. Ал эми кырк чоронун башчысы Кыргылчалды Семиз-Белден өлтүрүп, күмбөздөрүн ошол аймактарга салдырган экен. Азыр Талаа-Булак (Дөң-Алыш), Төрткүл (Кум-Дөбө) аймагындагы кырк чоронун күмбөздөрү жерге чөгүп жок болуп баратат. Семиз-Бел айылындагы жолдун жээгинде Кыргылчалдын күмбөзү сакталып турат. Ошондой эле элдик уламыштарда кырк чоронун бири “Кош-Дөбөдөгү манасчы Сагынбай Орозбаковдун күмбөзү салынган Айыр-Жал участогуна келип өлүптүр», - деп айтылып жүрөт. Бирок ал жерде күмбөз болгону тууралуу маалымат жок.

Семиз-Белдеги Кыргыл чалдын күмбөзү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×