Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 21.02.2019 09:35

Кадамжайдагы лицейдин өндүрүштүк комплекси кирешесин 10 млн сомго көбөйтүүнү пландайт (сүрөт)

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Караван айылында жайгашкан №8 лицейдин алдындагы өндүрүштүк комплекске барды. Лицейдин директору Махабат Касымова жана өндүрүштүк комплекстин жетекчиси Бакытбек Кыпчаков комплекстин ишмердүүлүгү жана милдеттери жөнүндө маалымат берди.

Өндүрүштүк комплекстин максаты — жаңы жабдыктардын жардамы менен атайын орто билим алып жаткан окуучуларды окутуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келген компетенттүү адистерди даярдоо. Комплексте окуучулар автоунааларды сырдоо, моторлорду оңдоо, ширетүү, токардык иштер, электродиагностика, желимдөө, май алмаштыруу, унааларды жууп-тазалоо иштери менен алектенишет.

Бул комплекс 2020-жылда кирешесин 10 млн сомго чейин көбөйтүүнү, ошондой эле лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн жеке бизнесин ачуу үчүн шарттарды түзүү, калкка кызмат көрсөтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү пландаштырууда.

Мамлекет башчысы комплекстин ишмердүүлүгү менен таанышып, лицейдин эмгек жамааты жана окуучулар менен маектешти. Ал эмгек рыногу талап кылган адистерди даярдоо зарылдыгын белгилеп, учурда өлкө айыл чарба жана кайра иштетүү тармагындагы адистерге муктаж экендигин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×