Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуКадамжай району 19.02.2019 09:43

Элет көйгөйү: Кадамжайдын Жал айылындагылар электр көйгөйүн өз күчтөрү менен чечүүгө аргасыз болушууда (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Жал айылындагы 50гө жакын үй-бүлө электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөрүн өз күчтөрү менен чечип келе жатышат.

Алардын айтымында, Жал айылы бийик тоолуу аймакта жайгашкан. Кыш оор болгондуктан электр энергиясына болгон муктаждык күч. Ал эми электр тармактар ишканасы элдин көйгөйүн чечүүгө аракети жокко эсе.

«Элетте электр кубаттуулугунун кескин чыңалуусунун натыйжасында 7-8 үйдө үй тиричилик техникалары жарактан чыккан. Бирок материалдык зыян тарткандар чыгымды кимден талап кылып, кимге арызданышарын билбей кала берген. Анысы аз келгенсип күйүп кеткен трансформаторду ар бир үйдөн 500 сомдон чогултуп оңдотушкан», - деди айылдын тургуну Сабырбек Өзүбеков.

Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Маккамбаевдин айтымында, эл өз каражаты менен электр энергиясына болгон айрым маселелерин чечип жатканы айылдагы кадимки эле көрүнүш. Анткени электр энергиясын оңдоо үчүн Бирлик айыл өкмөтүндө акча чогултмай мурдатан эле калыптанып калыптыр.

Ал эми «Ош электр» ААКтын Кадамжай районундагы электр тармактар ишканасынын башкы инженери Эмил Бакаевдин айтымында, элден эч качан акча чогултуу болгон эмес. «Ош электр» ААКтын балансындагы бардык трансформаторлор ишкананын эсебинен оңдолот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×