Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусу, Баткен 14.02.2019 17:43

Эл аралык уюм Баткен облусуна көз ооруларын дарылай турган медициналык жабдууларды тапшырды

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда Улуттук Кызыл Ай коому Баткен облусунун райондорундагы ооруканаларга диагностикалык жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабдыктар Кадамжай жана Лейлек райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун көз дарыгерлерине берилди. Алар көз оорулары боюнча так диагноз койгонго шарт түзөт. Облус жетекчилиги уюмдун мүчөлөрүнө ыраазычылык билдиришти.

Буга чейин уюмдун колдоосу менен Баткен облустук бириккен ооруканасында көз оорулар бөлүмү ачылган. Анда көздү дарылоо иштери жүргүзүлүп, операциялар жасалып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×