Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуБаткен району 14.02.2019 12:45

Айыл турмушу: Баткендин Зардалы айылында бир нече унаанын тетиктеринен куралган жалгыз трактор элге кызмат кылууда (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Зардалы айылынын тургуну Жыргалбек Эргешов ар кандай унаалардын тетиктеринен трактор жасап, айылда кызмат кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин айылда трактор болгон эмес. Элеттиктер ат, эшектин ордуна Жыргалбектин тракторун жалдап иштетишет.

«Бул трактор ар кандай унаалардын тетиктеринен колдо жасалган. Кыймылдаткычы (мотор) «Тиконуку», коробкасы «УАЗдыкы». «Жигулинин» тетиктери да бар. Баарын курап, бензин менен жүрө турган кылып жасадым. Муну менен жер айдайбыз, суу ташыйбыз, отун жүктөйбүз. Мурда эл ат же эшек менен кылган иштерди азыр биздин трактордун жардамы менен ылдам эле бүтүрүп жатабыз. Алар акы төлөшөт же бензинин куюп беришет. Анткени бизде бензин жок. Аны Баткенге барганда гана алып келебиз. Муну жасоонун негизги эле максаты — жашоону жеңилдетүү, заманбап жашоого умтулуу», - деди уста.

Электр, телефон байланыш жок, 6 унаа каттабайт, кышта 11 үй-бүлө гана калат: XIX кылымды элестеткен Зардалы (сүрөт)

Элет көйгөйү: Баткендин Зардалы айылынын эли тоо боорундагы 10 км чыйыр жолду кол менен тазалап турушат (сүрөт)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×