Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Нарын облусу, Нарын 01.03.2019 22:30

Адистердин кеңеши: Дарыгер К.Касмалиева тез татымдын зыянын айтып берди

Turmush -  Учурда шаурма, шишкебек сыяктуу тез татымдарды жеген адамдар жок эмес. Адистер мындай тез татымдар адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин эске салып келишет. Жакында эле тез татымдар сатылуучу жайда иштеген жигит шаурма жегенден кийин ооруп келгендигин Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар боюнча дарыгери Калбүбү Касмалиева аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, шаурма, шишкебек сыяктуу тез татымдар чала бышып, ар кандай ооруларды чакырышы мүмкүн.

«Азыр бардык айылдарда ден соолук комитеттери бар. Алар медицина кызматкерлери эмес, бирок бруцеллез оорусу кайдан жугат, эмнеден жугат деген маалыматтар боюнча элдин арасында агартуу иштерин жүргүзүшөт. Ага карабай айылдын мугалимдери, айыл өкмөттө иштеген билимдүү адамдар ушул оору менен ооруканага жатып калышат. Чет өлкөдөн келген адистер силер бруцеллез жөнүндө билбейсиңерби деп сурашат», - деди ал.

Калбүбү Касмалиева билдиргендей, бруцеллез менен ооруган мал ошол жылы туубай калат. Башкача айтканда кысыр калып, же болбосо бала салат.

«Малды жылына бир жолу текшертип туруш керек. Азыр кышкы туут мезгили башталды. Малдардын арасынан бала салганын өзүнчө бөлүп, анын алдын тазалап жана малга аралашып жатканда башка кийим кийиш керек. Колдордо колкап болушу шарт. Эгерде бала салган мал болсо, анын чөбүн алып, өзүнчө бир чуңкурга таштоо керек.

Азыр биздин эл билимдүү, бирок ден соолугуна көп көңүл бурбайт. Ооруканага ооруну өтүштүрүп жиберип келишет. Кичинекей 3-4 жаштагы балдар дагы ооруканага жатып калышат. Алар ата-энесин ээрчип чыгып мал менен ойношот», - дейт дарыгер.

Калбүбү Касмалиева: «Ооруканага мал менен байланышы жок шаардыктар келет. Шишкебектин, эттин чала бышканын жегенде бруцеллездон башка дагы оорулар жугат. Мындан сырткары чийки сүт, чийки каймактан, сүзмө, куруттан дагы бруцеллез жугушу мүмкүн», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.6% (892)
«РСК Банк»
27.81% (544)
«Айыл Банк»
9.3% (182)
...
Всего голосов: 1956
×