Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусуКадамжай району 11.02.2019 12:00

Кадамжай райондук сотунун жаңы имараты курула баштады (сүрөт)

Turmush -  9-февралда Кадамжай райондук сотунун жаңы имаратынын курулушу башталып, капсуласы салынды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган курулуштун сметалык баасы 14 млн 860 миң сомду түзүп, мамлекет тарабынан каржыланууда. Бул курулуш 2019-жылдын август айында толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Соттун 1958-жылы курулган эски имараты жараксыз абалга келип калган.

Имараттын пайдубалына капсула салуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, сот кызматкерлери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×