Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусуЛейлек району 09.02.2019 14:21

Лейлекте жаш балбандар арасында мелдеш башталды

Turmush -  Лейлек районундагы И.Раззаков айылында жаш өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу уюштуруучу Абдижалил Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, Искак Раззаковдун жаркын элесине арналган мелдешти уюштурууну айылдын жаштары демилгелеген. Мелдешке Өзбекстандан 1 команда, Тажикстандан 3 тайпа жана өлкөнүн түштүк райондорунан чакырылган спортчулар, жалпы 200дөй өспүрүм 8 салмак даража боюнча күч сынашып жатат. Бул турнир эки күнгө созулат.

Жыйынтыгында алдыңкы орундарды ээлеген балбандарга уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар, медалдар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×