Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусуКадамжай району 08.02.2019 14:55

Кадамжайда айыл өкмөт үй куруп берген үй-бүлөлөргө облус башчысы килем берди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 8-февралда Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында аз камсыз болгон 2 үй-бүлөгө килем белек кылды.

Маалым болгондой, буга чейин аталган 2 үй-бүлөгө айыл өкмөт тарабынан үй курулуп берилген болчу. Чиновниктердин эл менен болгон жолугушуусунда той-топурлардагы ашыкча чыгымдарды, ысырапкерчиликтерди жоюу, жаңы мыйзамдар боюнча талкуу болду. Мындан тышкары жазгы талаа иштери боюнча маселелер көтөрүлүп, тиешелүү жооптор берилди.

Айыл өкмөт тарабынан Жаңы-Жер айылынын 32 жаштагы тургуну Таалайбек Тойчубековго үй курулуп жаткан болчу. Жардамга муктаж болгон Кудайназар Жумабаевдин үй-бүлөсү үчүн да 3 бөлмөлүү жаңы үй салынып жаткан эле.

Тактама:

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.

Элдеги уламыштарга караганда, айылдын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу.

Айылдын аксакалы Турдали Алдаевдин айтымында, мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, туз баскан, ак топурактуу жер болгон. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан. Элет облустун борборунан 35 чакырым алыста жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×