Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусуБаткен району 07.02.2019 11:21

Элет көйгөйү: Баткендин Зардалы айылынын эли тоо боорундагы 10 км чыйыр жолду кол менен тазалап турушат (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун тоолуу, шарты катаал Зардалы айылына кыш мезгилинде унаа каттам токтоп, жергиликтүү эл бийик тоонун боорундагы чыйыр жол менен 10 чакырымды жөө жүрүүгө аргасыз болот. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Баткен районунун тургуну Казыбек Гапаровдун айтымында, чыйыр жолдун кооптуу бөлүктөрүнө кум-шагыл түшүп тосулуп калбашы үчүн жергиликтүү жаштар мезгил-мезгили менен жолду оңдоп турушат. Бийик тоолордун бооруна салынган бул жолду жергиликтүү эл даңги жолу деп атап коюшкан. Бул жолдо түнкүсүн жүрүүгө болбойт. Анткени кулап кетүү коркунучу бар. Аралыгы 10 чакырымдай болгону менен ар бир кадам сайын ылдыйды тиктегенде жүрөк оозго тыгылат.

Зардалы айылынын тургуну Нуржамал Муратова элет бийик тоолуу аймак болгондуктан электр энергиясы жетпегендигин айтты. Андыктан айылда кышында 10го жакын гана кожолук калат. Жаз мезгилинен тартып Зардалыда элдин саны көбөйө баштайт. Анткени жазда айылга унаа каттам ачылат.

Зардалыда телефон байланышы да жок.

Зардалынын көйгөйлөрү:

2016-жылы 29-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, бийик тоолуу Зардалы айылына өтүүчү көпүрө талкаланган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришкен.

7

Маалыматка караганда, тургундар шар аккан суудан жыгачтан жасалган көпүрө менен өтүп калышкан. Өзгөчө жашы улгайып калгандарга кыйынчылыктар жаралган болчу. Мындан тышкары, айылга келүүчү суу да токтоп калган.

Кийинчерээк Баткен облусунун жетекчилиги Зардалы айылынын селден жабыркаган жолу оңдолуп, унаа каттап жаткандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, жолду оңдоо иштерине ӨКМ жардам берген. Кашка-Суу дарыясынан жана Күйө-Келди сайынан өтүүчү көпүрөлөр ашар жолу менен оңдолуп, унаалар жүрүп баштаган. Ал эми Данги тилкесинде Сох дарыясынан жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү оңдоого ӨКМ тарабынан 10 тонна цемент жана арматура бөлүнүп берилген.

2016-жылдын декабрь айында Зардалы айылына баруучу көпүрөгө курулуш материалдары 5 чакырым аралыкка жөө ташылгандыгы белгилүү болгон. Айылга өтүүчү негизги көпүрөгө жетүү үчүн күнүнө автоунаада 100 чакырым жол жүрүшөт. Андан ары Зардалы айылына чейин автоунаа жолу жок. Андыктан жумушчулар курулуп жаткан көпүрөгө чейин 5 чакырым жолду жөө басып өтүшөт. Курулушка керектелүүчү материалдарды да 5 чакырым жөө жүрүп ташышат. Курулуш иштерине керектелген 10 тонна цементти дагы жөө ташышкан.

Зардалынын жашоочулары жайлоого баруу үчүн эшек менен 1 күн бою жол жүрүшөт.

Зардалыда 6 кылым мурда чыккан алмурут дарагы азыркыга чейин өсүп турат. 600 жылдан ашуун убакыттан бери өсүп турган алмуруттун түшүмү мурда айылдыктардын бардыгына жетчү. Ага 3 кишинин кулачы тең келет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×