Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусуКадамжай району 07.02.2019 12:12 На русском

Кадамжайда жибек өндүрүүнү өнүктүрүү үчүн Өзбекстан менен келишим түзүлдү

Turmush -  5-февралда Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков Өзбекстандын Фергана облусунун соода-сатык палатасынын башчысы Отабек Атабаев жетектеген жеке ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жолугушуу кыргыз өкмөтү менен өзбек өкмөтүнүн ортосундагы региондор аралык кызматташуу жөнүндөгү макулдашуусунун шарттарына ылайык, өз ара достукту бекемдөө максатында уюштурулду. Анын негизинде Кадамжай району менен Фергана районунун ортосунда экономикалык байланыштарды чыңдоо багытында 2 тараптуу келишим түзүлдү. Келишим жибекчиликти өнүктүрүүгө багытталды.

«Азырынча жибекти Өзбекстан тарап өндүрүп беришет. Эгерде натыйжа болсо келерки жылга карата Кадамжайда жибекчиликти өнүктүрүү багытында цех куруу пландаштырылууда», - деди аким Исаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×