Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусу, Баткен 06.02.2019 15:59

Концерт өткөрүүчү жайга айланган: Баткендеги 6 гектар аянты бар стадион оңдоо иштерине муктаж (сүрөт)

Turmush -  Баткен шаарындагы борбордук стадион футбол ойноочу аянт эмес, концерт өткөрүүчү жайга айланган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, стадион жакшы каралбагандыктан спорт сүйүүчүлөр жеке футбол аянттарында акы төлөп ойноого аргасыз.

«Негизинен стадионду ондоп-түздөп, футболчуларга көңүл буруш керек. Бизде тескерисинче концерттер өтүүчү жайга айланган. Драм театр бар, концерттерди ошол жактарда өткөрсө болот. Стадион болгондон кийин футболдук мелдештер өтүп турушу керек. Балдар азыр жеке оюн аянттарына барып ойношот», - деди Футбол федерациясынын Баткен облусундагы машыктыруучусу Ильязбек Жапаров.

Мэриянын маалыматына караганда, өткөн жылы бул стадионду оңдоого шаар бийлиги 150 миң сом бөлгөн. Бирок бул сумма толук реконструкциялоого жетпейт.

«Баткен шаарында концерт өткөрүүчү жай жоктугунан ушул стадиондо уюштурууга мажбур болобуз. Бул маселени чечүү үчүн донор издедик, долбоорлорду жаздык. Өзүбүздө каражат жетишсиз. Стадионду толук оңдоого 25 млн сом керектелет. Андыктан биз быйыл жеке ишкерлер менен келишим түзүп жатабыз. Айланасындагы жерлерди ижарага берип, ал жерлерге имараттарды, дүкөндөрдү курдуруп, стадион тарабына көрүүчүлөргө отургучтарды курдуруу иштери жеке ишкерлер тарабынан аткарылат. Мындан сырткары долбоорубуз бар, ошолорду ишке ашырабыз. Быйыл стадионду ичин оңдоого шаардык бюджеттен 200 миң сом карап жатабыз», - деди мэр Мамыржан Рахимов.

Баткен шаарындагы борбордук стадиондун жалпы 6 гектар аянтты түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×