Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусу, Кадамжай 06.02.2019 11:24

Кадамжайдагы өтмөк таштанды таштоочу жайга айланды, - жашоочулар (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай шаарынын борборундагы жер алдынан өтүүчү өтмөк кароосуз калып, таштанды таштоочу жайга айланды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, өтмөк акыркы 3 айдан бери бир да жолу тазаланган эмес.

«Ал жер таштандыга толуп, кейиштүү абалга келди. Мындан сырткары кечкисин өтмөк ажатканага айланат. Бул шаардагы жалгыз жер алдынан өтүүчү өтмөк болуп эсептелинет. Мындай өтмөккө учурда көпчүлүк шаарлар муктаж болууда. Ал эми биздеги өтмөк союз учурунда курулган, ал туура пайдаланылбай жатат. Бул маселеге жергиликтүү бийлик көңүл буруп койсо жакшы болмок», - дешти жашоочулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×