Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусу, Айдаркен 06.02.2019 10:09

Айдаркендеги ооруканада төрөткө чейинки энелер мектеби ачылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 5-февралда Айдаркен шаардык жалпы дарыгерлик практикалоо борборунда төрөткө чейинки энелер мектебинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кадамжай үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, толугу менен жабдылган атайын бөлмөдө болочок энелер үчүн төрөткө жана ата-эне болууга комплекстүү даядоо жүрөт. Мектептин максаты болочок энелер үчүн, оорууну жеңилдетүү жолдорун үйрөөтүү, төрөткө даярдоо, өзүнө өзү көмөк көрсөтүү жана ден соолугун калыбына келтирүү багытында окутууларды уюштуруу. Кош бойлуу аялдардын терс эмоциялары менен бирге эң негизгиси коркунуч сезимдерин жокко чыгаруу. Окутуунун жүрүшүндө балага кам көрүүдөгү жаңы жөндөмдүүлүктөргө, балага болгон мамилеге жанан эмизүүнүн ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулат. Энелер мектеби толугу менен Айдаркен ооруканасынын балансында болот.

«Баткен облусунда 3 энелер мектеби бар. Бирок алардын баары облустук борборлордо – Кадамжай, Баткен жана Исфана шаарларында жайгашкан. Мындай мектептин Айдаркенде ачылып жатканына биз өтө кубанычтабыз», - деди Айдаркен жалпы дарыгердик практика борборунун директору Эмилбек Сулайманов.

Мындагы окутуулар болжол менен кош бойлуулуктун 17-жумасынан башталат. Энелер мектебине ҮДТнун акушер же гинеколог жолдомо берет. Төрөткө даярдоо курсу 5 жумага созулат. Окутуулар болочок ата-эненин билимин өркүндөтүүчү теория бөлүгү менен бирге энени төрөткө даярдоочу практига бөлүгүнө бөлүнүп окутулат. Ар бир сабак, өзүнө ар түрүү маалыматтарды камтыган видео, сүрөттөр жана флипчарттардын коштоосунда өтөт. Практикалык сабактарына колдонулуучу гимнастикалык топтор, йога менен машыгуу үчүн килемчелер жана куурчак манекендер алынып келинди.

Энелер мектебинин ачылышына «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму көмөк көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×