Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусуБаткен району 05.02.2019 12:31

Баткендик Таирбек уулу Кожомберди Индияда боло турган операцияга жөнөп кетти

Turmush -  Баткен районунун Бужум айылынын тургуну Таирбек уулу Кожомберди боорун алмаштыруу үчүн Индия мамлекетинде боло турган операцияга узатылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, аны узатууга жергиликтүү бийлик, айыл тургундары, достору, жакындары келишти. Буга чейин 33 жаштагы Кожомберди Таирбек уулунун өмүрүн сактап калуу максатында акча чогултулуп, жергиликтүү бийлик тарабынан да акчалай колдоо көрсөтүлгөн. Кожомбердиге 27 жаштагы бир тууган иниси Максатбек Таирбек уулу донор болмокчу.

Буга чейин баткендик Милан Садыкжан уулу да Индияга барып, боорун алмаштырып келген. Ага өзүнүн карындашы донор болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×