Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 04.02.2019 18:06

Айыл турмушу: 4 тилде сүйлөгөн 21 жаштагы студент Ш.Асланов Кызыл-Кыядагы мектепте мугилим болуп иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 21 жаштагы тургуну Шахрук Асланов мугалимдик тажрыйба топтоо үчүн мектепте тарыхчы мугалим болуп иштеп жатат.

Өзүнүн айтымында, учурда Кызыл Кыя педагогикалык институтунун гуманитардык факультетинин тарых адистиги боюнча 4-курстун студенти. Мектепте тарых, адам жана коом сабактарынан билим берет.

«Мен алгач мектепке мугалим болуп келгенимде окуучулар жана мугалимдер жылуу кабыл алышкан. Себеби мен өзүм окуп бүтүргөн мектепке жумушка киргем. Мен окуткан класста классташтарымдын инилери окушат. Бир күнү ата-энелер чогулушунда өзүмдүн аяш ата, аяш энемдер менен мугалим катары чогулушка катышып калдым. Ошондо аяш апалар «биздин балдарыбыз окуп жүрүшсө сен мугалим болдуңбу?» деп аябай таң калышкан.

Мага окуучу кезимде эле тарых сабагы өтө жакчу. Тарыхый тасмаларды көрүп, тарыхый китептерди өтө кызыгуу менен окуйт элем. Тарых сабагынан мугалим болушума тарыхка болгон кызыгуум жана эжекем Турдуева Орунгүл Өсөрбаевна себеп болгон. Педагогикалык кесипти өтө жакшы көрөм. Өз кесибимди өркүндөтүү жана педагогикалык чеберчиликтерди үйрөнүү максатында маянасы аз болгондугуна карабастан студент болсом да мектепте окуучуларга сабак берем. Жумушум мен ойлогондон да кызыктуу экен. Окуучулар менен иштешкенди билдим. Мугалимдик кесип өтө оор жана жоопкерчиликтүү. Бирок мугалим бардык кыйынчылыктарды окуучулар менен болгон баарлашуу учурунда унутат. Себеби окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун көрүп, көбүрөөк билим берүүгө умтулат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле саясатка да кызыгат.

«Тарыхчы болгонумдан улам Кыргызстандагы жана дүйнөлүк саясатка кызыгам. Жаш саясатчылар мектебинин (Бишкек 2018) жана Жаш жарандар мектебинин (Ош 2018) бүтүрүүчүсү болгом. Коомдо активдүү жарандык позицияларымды билдирип келем жана колдон келишинче башкаларга жардам бергенге аракеттенем», - деди ал.

Жаш мугалим үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусу. Алардын улуту тажик. Бирок Кызыл-Кыяда көп жылдан бери жашашат. Өзү кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде эркин сүйлөй алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×