Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусу, Баткен 04.02.2019 15:31

Баткенде 14 млн сомго жасалган жол толугу менен бүтпөй жатып бузула баштады (сүрөт)

Turmush -  Баткен шаарынын Мурат Салихов көчөсү 14 млн сомго реканструкцияланганы менен жолдун сапаты нааразычылык жаратууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүүлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, жумуш аяктабай жатып тротуарлар жараксыз абалга кептелүүдө.

«Оңдолгону шаар үчүн жакшы. Анан сүйүнүп жатсак эле жолдун сапатын карагыла. Мен билгенден декабрь айында жүрүп жаткан иш. Азыр бул жол аягына чейин бүтө элек. Бирок башында салынган асфальт кайра жарака кетип, чөгүп жатат. Асфальт эзилип жатат. Албетте суукта асфальт жабышпайт. Суукка карабай төшөшкөн. Трамбовка дагы болгон эмес. Бул жоопкерчиликсиздик деп эсептейм», - деди Баткен шаарынын тургуну Барчынбек Сатыбаев.

Учурда жумуш 80% аяктаган.

«Кытайлардын компаниялары утуп алган жолдор бар. Мисалы Кызыл-Жол, Кызыл-Бел айылдарында. Ал жолдорду көрсөң сапаты жакшы, жолго окшош. А Баткен шаарындагы тротуарларды карасаң шагыл төгүп койгондой эле. Ремонт болгонуна 1 ай болсо да ошол көрүнүш, эски көчө да мындан жакшы эле. Бул оңдолгону. Бул Мурат Салихов көчөсүнүн сапаты начар, 1 жылга да жетпейт. Негизи ушул жолго мамлекеттен миллион сомдор бөлүнгөн. Анан ошол акчаны да туура колдонбой, жолдор начар бүттү. Эми бул жол 1 жылда жарактан чыкса, мамлекет акча бөлбөйт», - деди Баткендин дагы бир тургуну Гүлмира Ажибаева.

Аталган жолду көзөмөлдөгөн жол тейлөөчү ишкана жол кайрадан оңдолоорун билдирди.

«Мындан 4 жыл мурда Баткен шаарынын Мурат Салихов көчөсүн оңдоо үчүн тендер жарыяланып, «КС интер» ишканасы утуп чыккан. Бирок өткөн жылдын декабрь айында гана асфальт төшөлүп, тротуарлар салынган. Жумуш сапатсыз болгону ырас. Андыктан кетирилген мүчүлүштүктөрдү оңдоо үчүн кайрадан жолду оңдоо милдети уткан компнияга жүктөлөт. Биз башында келишим түзгөнбүз. Алар өз каражаттарынан оңдошот. Жумуш бүтпөсө жыл аягында акча кайра кайтарылат. Ошондуктан ишти аба ырайына карай жасашат. Суукта асфальт сапатсыз төшөлөт. Андыктан акчаны убагында которуп турушса», - дейт Баткен райондук жол тейлөө мекемесинин башкы инженери Ырыспай Жалилов.

Аталган жолдун 500 метр тилкесине, 400 метр тротуарга асфальт төшөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×