Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусуЛейлек району 04.02.2019 09:53 На русском

«Эркектердин» администратору болчу: Лейлекте WhatsApp аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген адам 4 жылга камалды

Turmush -  Лейлек райондук соту социалдык тармак аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген А.Асылбекти (аты өзгөртүлдү А.А.) 4 жылга эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Айыпталуучу ким?

А.Асылбек 1989-жылы төрөлгөн. Лейлек районундагы Исфана шаарынын тургуну, жогорку билимдүү. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес, убактылуу эч жерде иштебейт. 2018-жылдын 3-ноябрынан бери үй камагында болчу.

Иштин чоо-жайы:

Асылбек 2018-жылдын 20-октябрында WhatsApp социалдык тармагында «Эркектер» деп аталган тайпа түзгөн. Кийин ал жакка белгисиз адамдар башка 2 адамды сабап, бийлетип жаткан видеону жөнөткөн. Ал видеону жөнөтүп, ар кандай провокациялык сөздөрдү жазып, улуттар аралык кастыкты жаратууга аракет кылган.

Асылбек өзү эмне дейт?

Асылбек сотто алгач WhatsApp социалдык тармагында «Таанышуу» деген тайпа ачып, ага 110 адам киргендигин билдирди. Кийин анын аталышын «Эркектер» деп өзгөртүп, 2018-жылдын 20-октябрында 2 адам сабалып жаткан видеону жөнөтүп, аларды сабаган адамдарга ачуусу келгендиктен жаман пикирлерди жазган. Ал кылган ишине өкүнө тургандыгын билдирип, баарынан кечирим сурагандыгын белгиледи. Буга катар эле карамагында 2 баласы бар жана атасы оорукчан экендигин айтып, жеңил жаза берүүнү суранды.

Күбөлөр эмне дейт?

Күбөлөрдүн бири А.Орозбай (аты өзгөртүлдү) 2018-жылдын 20-октябрында WhatsApp социалдык тармагында «Эркектер» деген тайпага кошулгандыгын билдирди. Тайпага 2 адамдын сабалгандыгы тууралуу видео келгенде ага эч кандай комментарий жазбастан тайпадан чыгып кеткен.

Экинчи күбө М.Акматбек (аты өзгөртүлдү) «Эркектер» тайпасына 2018-жылдын 21-октябрында кошулгандыгын билдирди. Ал жакка 2 адамдын сабалгандыгы тууралуу видео келген. Бирок өзү ал видеолор боюнча эч кандай пикир жазган эмес.

Үчүнчү күбө К.Аргенбай (аты өзгөртүлдү) тергөө учурунда айыпталуучунун күнөөсүн ашкерелеген маанидеги көрсөтмө берген.

Соттун өкүмү:

Айыпталуучу Асылбек КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 199-беренесинин 1-бөлүмү (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) менен күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркиндигинен ажыратылды. Анын бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды. Жаза мөөнөтү 2019-жылдын 30-январынан тарта эсептелмек болду. Өкүмгө нааразы тарап 10 күн ичинде Баткен облустук сотуна апелляциялык тартипте даттана алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×