Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусу, Баткен 01.02.2019 17:22

Баткендик жаштар президентке кат жазып, 5 демилге көтөрүп чыгышты

Turmush -  Баткендик жаштар облустагы көйгөйлөрүн айтып, президентке кат жолдошту. Бул тууралуу «Жаш лидерлер» академиясынын демилгечиси Адилет Салимбай уулу билдирди.

Анын айтымында, алар президентке жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө 5 сунуш беришти. Себеби айылдарда жаштар үчүн убакытты пайдалуу өткөрүүгө шарттар жок. Эң негизгиси жаштар чек ара чатактарына аралашып калган учурлар катталууда.

Жаштардын демилгеси:

1. Шаардык мэрия, айыл өкмөттөрдүн алдындагы жаштар комитеттеринин ишин жандандыруу, штаттык бирдик бекитип берүү жана каражат бөлүү;

2. Айылдарда көп тармактуу жаштар борборлорун ачып, жаштардын ар кандай курстардан билим алышына шарт түзүү;

3. Китепканаларда электрондук китепкана уюштуруу жана китеп фондуларын жаңылоо. Жаштарды китеп окууга тартуу үчүн атайын программаларды иштеп чыгуу;

4. Жаш мугалимдердин депозитин жандандыруу;

5.Чек аралаш өлкөлөр менен ишенимдүү мамилелерди курууга багытталган атайын программаларды кабыл алуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×