Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Баткен облусуЛейлек району 07.04.2019 10:29 Жаңыланды: 02.07.2019 15:42

Айыл турмушу: Лейлектик Раушан Салиева 40 миң сомго чейин бааланган килемдерди токуйт (сүрөт)

Turmush -  Лейлек районунун Маргун айылынын 55 жаштагы тургуну Раушан Салиева 5-классынан баштап килем токуп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айылдагы дээрлик бардык кыздар килем токууну өздөштүргөн. Бирок килемди даярдоо оңой эмес.

«Килем согуу — энелерибизден калган өнөр. Лейлекте ар бир кыздын себине сөзсүз таар, кийиз, килем, араби килеми берилет. Булардын арасынан кийиз оңой жасалат. Аны 1 күндө эле жасап бүтүрүүгө болот. Араби — килемдин жеңил токулуучу түрү. Килем боёлгон жана чыныгы деп экиге бөлүнөт. Чыныгы килемдер 40 миң сомго чейин бааланат. Аны жасоого 23 килограмм ийрилген жүн, 10 кг эшилген жип, жиптин дагы башка түрүнөн 8 кг, 2-3 миң сомдук боёк керектелет. Эң чоң килемди 4 чебер 15 күндө жасап бүтүрөбүз. 1 күндө 20-30 см килем согобуз. Койдун жүнүн жазында даярдап коебуз, жетпей калса базардан сатып алабыз. Өзүбүздүн колубуз бошобой калса айылдагы чеберлер жардам берип, аларга эмгек акы төлөп беребиз», - деди ал.

Кол өнөрчү унаанын отургучтары үчүн да кичинекей килем жасап, баштыктарды токуйт.

«Бир күнү карасам баштыгым эскирип калыптыр. Таардан жасап көрдүм. Алгач көтөрүүдөн тартынып жүрдүм, бирок айылдаштарым таң калып, суктанып, сурап башташты. Учурда таардан баштык тигип, сатыкка чыгарып жатам. Кышында түн узак болгондуктан түнү да килем согобуз. Килем токуп жатып колубузду бычак кесип кеткен учурлар көп эле болгон. Улам отуруп-тура берип белибиз, бутубуз да ооруп калат», - деди чебер.

Раушан Салиеванын 3 кызы бар. 2 кызы турмушка чыкканга чейин килем токууну үйрөнүшкөн. Алар килемдерди Тажикстандын жана Лейлектин базарларына алып чыгып сатышат. Кээде көргөзмөлөргө да алып барышат. Бирок кичүү кызы татаал жумуш экенин айтып, үйрөнбөй койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×