Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусу, Баткен 01.02.2019 15:33

Баткен шаарында көчөлөр тар болгондуктан унаалар батпай жатат (сүрөт)

Turmush -  Баткен шаарында ишканаларда унаа токтотуучу жай жоктугунан көчөлөр тарып жатат. Бул тууралуу айдоочулар билдиришти.

Алардын айтымында, шаардагы Т.Садыков көчөсүндө жолдун эки чети тең унааларга толгон. Мындан улам жол тыгыны пайда болуп келет.

«Т.Садыков көчөсүндө бир нече ишканалар жайгашкан. Аларда унаа токтотуучу жайлары жок, сыртка коюп киришет. Жолдун эки тарабы тең унааларга толгондуктан жолго эки унаа батпай калат. Айласыздан башка унаалардын өтүшүн күтүп турабыз», - деди Баткен районунун тургуну Рахманберди Мурзабеков.

Кызматтык унаалар жол эрежелерин бузуп жатканы кадимки көрүнүш.

«Бул көчөдө чоң жүк ташуучу унаалар да өтөт. Анан чоң унаалар өткөн учурда бир эле унаа жүрүп калат. Же бир тараптуу кылып, бул жолдон жүрүүгө чоң унааларга уруксат бербеш керек. Бул жерде облустук соттун кызматкерлери, Мамкаттоонун кызматкерлери айрыкча жол четине коюшат. Өздөрү жол тартибин бузушат», - деди райондун дагы бир тургуну Орозбай Нурбеков.

Баткен шаары облустун борбору болгонго чейин айыл болуп турган. Андыктан көчөлөрү тар. Аларды кеңейтүүгө шаардык бийликтин күчү жетпейт.

«Райондун борбору болгон Баткен шаары мурда айыл болуп турган. Ошондуктан көчөлөр айыл шартындагы көчөлөр. Шаар болгондон бери да жолдор кеңейген эмес. Ошондуктан жаңы ишканаларга унаа коюучу жайларды кошо кургула деп талап кылып жатабыз», - деди Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Акрам Акматов.

Баткен шаарындагы жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү 4 кызматкер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×