Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 31.01.2019 17:50

Сүрөт — 18 жаштагы Мыктыбек Атамбеков Кызыл-Кыя шаарынын эң сулуу жигити деп табылды

Turmush -  25-январда Кызыл-Кыя шаарында алгачкы жолу жигиттер арасында «Мистер Кызыл-Кыя 2019» сулуулук сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сынактын уюштуруучулары Майсалбек Авазов менен Рустамбек Маматовдор кабарлады.

Жыйынтык:

- «Мистер Кызыл-Кыя 2019» — 18 жаштагы Мыктыбек Атамбеков;

- «Биринчи вице-мистер» — Мурадил Хасидов;

- «Экинчи вице-мистер» — Бекмамат Кипчаков.

Мыктыбек Атамбековго атайын таажы, диплом жана 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Мурадил Хасидов диплом жана 3 миң сом, Бекмамат Кипчаковго диплом жана 2 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

Сынакка 15 жаштан 20 жашка чейинки 9 жигит катышты. Катышуучулар саламдашуу, өз талантын көрсөтүү жана кече кийимин көрсөтүү шарттарын аткарышты.

Буга чейин 19-январда Кызыл-Кыя шаарында «Мисс Кызыл-Кыя 2019» сулуулук сынагы болуп өткөн. Сынакта 1-орунду 19 жаштагы Бегимай Орозбаева ээлеп, «Мисс Кызыл-Кыя 2019» наамына татыктуу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×