Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусу, Кадамжай 30.01.2019 13:31 На русском

«Таза суу түтүгүн үйүнүн жанына тарттырып алды»: Кадамжайда нааразы болгон тургундарга мэрдин жообу (видео)

Turmush -  Кадамжай шаарынын Таш-Кыя айылынын айрым тургундары мэр Бакыт Бегалиев өзүнүн үйүнүн алдына таза суу түтүктөрүн тарттырып алганын айтып, нааразычылык билдиришти.

Жашоочулардын айтымында, шаардагы көрүстөндүн жанына суу түтүктөрүн орнотуу үчүн чуңкур казылган. Бирок тургундар ал жерге чуңкур казуу туура эмес деп эсептешет.

Таш-Кыя айылына таза суу чыгаруу үчүн шаардык мэрия тарабынан 1,5 млн сомго тендер жарыяланып, суу түтүктөрү тартылып баштаган.

Ал эми Кадамжай шаарынын мэри Бакыт Бегалиев суу түтүктөрүн атайын тарттырып албаганын, анын үйү аталган аймакта жайгашканын айтты.

«Таш-Кыя айылына таза суу жеткирүү үчүн 1,5 млн сом бөлүнүп, тендер жарыяланып, иш башталган. Суу түтүктөрү үчүн чуңкур айылдын көрүстөнүнө жакын жерден казылган. Түтүктөр каналды бойлой жайгаштырылып, мен жашаган үйгө жакын жерди аралап өтүп, суу кампасына барып туташтырылган. Эми суу кампасынан жалпы жашоочуларга түтүктөр аркылуу таза суу тартылат. Бирок жашоочулар "таза сууну өзүнө тарттырып алыптыр" деп туура эмес түшүнүп жатышат. Суу түтүктөргө эч кандай тиешем жок, жумушчулар долбоордун негизинде иш алып барышууда», - деди Бегалиев.

Учурда таза суу чыгаруу ишинин биринчи баскычы жыйынтыкталды. Экинчи баскычта ар бир көчөнүн башына таза суу тартылып, суу чорголору орнотулат. Буга чейин айылдагы 2-3 жерде гана таза суу чыккан.

Учурда аталган айылда 266 кожолук, 2 миң 500 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×