Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусуЛейлек району 30.01.2019 12:37 На русском

Мас болуп, уят сөздөр менен сөккөн: Лейлекте күйөөсүн балталап өлтүргөн аял 8 жылга камалды

Turmush -  Лейлек райондук соту Арка-2 айылынын тургуну, 4 баланын энеси, 1970-жылы туулган А.Айнуранын (аты өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды.

Эмне кылмыш жасалган?

Айнура 2018-жылдын 24-ноябрь күнү саат 20:00 чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2 айылындагы үйүнөн 1965-жылы туулган жолдошу Гүлжигит (аты өзгөртүлдү) менен бирге спирт ичимдиктерин ичишкен. Ортолорунда кайым айтышуу жаралып, ал жолдошунун колундагы буюмду (эт чапкан кичинекей балта) ала калып, күйөөсүнүн бет маңдайына жана башына бир нече жолу чапкан. Андан соң башка бөлмөсүнө кирип, жатып уктап калган. Гүлжигит денесине алган оор жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Айнура 2018-жылдын 26-ноябрында камакка алынган болчу.

Айыпталуучу эмне дейт?

Айнура сот отурумунда күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Ал 2018-жылдын 24-ноябрь күнү саат 19:30 чамасында күйөөсү мас абалда үйүнө келип, уят сөздөр менен аны сөккөндүгүн билдирди. Ага сөз кайтарып, жолдошу сыртка чыгып, сабы жыгачтан жасалган чапкыны көтөрүп келип, урууга аракет кылган. Айнура аны менен алышып, күйөөсүнүн колундагы чапкыны жулуп алып, анын мизи менен күйөөсүн мурдунун үстүнө 2 жолу чаап жиберген. Күйөөсү эңкейип калган учурда сол кулагынын үстүнө дагы бир жолу чапкан. Жолдошу жерге жыгылып калганда башка бөлмөгө кирип уктап калган. Ойгонгондон кийин жолдошунун башынан кан агып, каза болуп калганын көргөн.

Айыпталуучу жолдошу мурда да ичип келип, үй-бүлөгө тынчтык бербей, ура бергендигин, карамагында жаш кыздары бар экенин жана күйөөсү урууга аракет жасаганда коргонуу максатында ушул ишке барганын айтып, жеңилдик берүүнү суранды.

Жабырлануучунун өкүлү эмне дейт?

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү, маркумдун бир тууганы К.А. сот отурумунда 2018-жылдын 25-ноябрында Дархум айылындагы үйүндө жүргөндө иниси Гүлжигиттин каза болгондугу боюнча кабар келгендигин билдирди. Инисинин үйүнө барганда ал аялы менен урушуп, келини Айнура балта менен ургандыгын билгенин айтып, аны мыйзам чегинде жазалоону суранды.

Күбөлөр эмне дейт?

Соттук отурумда күбө Бакай (аты өзгөртүлдү) окуяны көрбөгөнүн билдирди. Ал 2018-жылдын 25-ноябрь күнү эртең менен көчөдө турганда Кадыр (аты өзгөртүлдү) келип, аны менен учурашып, агасы Гүлжигиттин каза болгонун айткан. Кийин Кадыр менен чогуу Гүлжигиттин үйүнө барып, жансыз денеси жерде жатканын көрүшөт. Андан кийин маркумду көтөрүп төшөккө жаткырышып, бутун байлап, үйүнө кетишкен.

Күбө А.А. сот отурумунда 2018-жылдын 25-ноябрь күнү эртең менен апасы Айнура телефон чалып, атасынын каза болгонун айтканын билдирди. Ошол эле күнү Сүлүктү шаарынан Арка-2 айылына жөнөп, түшкө жакын үйүнө жеткен. Үйүнө киргенде атасынын каза болгонун, милиция кызматкерлери апасын алып кеткенин көргөн. Ал ошондой эле атасы спирт ичимдигин ичип, мас абалда дайыма апасын уруп келгенин айтты.

Каза болгон Гүлжигиттин эжеси Хидаяттын (аты өзгөртүлдү) айтымында, 2018-жылдын 25-ноябрь күнү эртең менен иниси Гүлжигиттин каза болгонун уккан. Анын үйүнө барганда келини Айнура «Гүлжигит мени балта менен урам деп, өзүн уруп каза болду» деп айткан. Кийин Айнура иниси Гүлжигитти балта менен чаап өлтүргөнүн тергөөдө укканын айтты.

Дагы бир күбө Кадыр (аты өзгөртүлдү) сот отурумунда айтканына караганда, 2018-жылдын 25-ноябрь күнү эртең менен айыпталуучу (Айнура) телефон чалып, жолдошу Гүлжигит каза болгонун айтып, анын денесин үйгө киргизип коюуну суранган. Маркумдун үйүнө Бакай (аты өзгөртүлдү) агасы менен чогуу барып, Айнурага Гүлжигиттин туугандарын чакыр деп айткан. Алар Гүлжигитти көтөрүп төшөккө жаткырышып, бутун байлап, үйүнө кетишкенин айтты.

Күбө Токтобектин (аты өзгөртүлдү) сөзүнө караганда, маркум Гүлжигит анын бажасы болот. 2018-жылдын 25-ноябрь күнү эртең менен Айнура телефон чалып, бажасы Гүлжигиттин каза болгонун айткан. Ал болсо кайын энесине чалып, «Айнура сизге телефон чалдыбы? Күйөөсү каза болуптур» деп сураганда, кайын энеси «милиция, доктур чакырсын, сен өзүң барба» деп айткан. Ал жакка барган эмес. Ал ошол күнү түштө бажасынын үйүнө барганда элдер чогулуп калганын көргөн.

Соттун чечими:

Айнура Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Анын бөгөт коюу чарасы камактагы бойдон калтырылды.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык, алдын ала тергөө убагында 2018-жылдын 26-ноябрынан 2019-жылдын 1-январына чейинки камакта отурган ар бир күнү абактын 2 күнүнө барабар деп эсептелинип, жаза өтөө мөөнөтүнө кошулуп эсептелинет.

Өкүмгө нааразы тарап 10 күндүн ичинде Лейлек райондук соту аркылуу Баткен облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга же сунуш келтирүүгө укуктуу.

-------------------------------------------------------------------------

Окуя тууралуу:

Буга чейин 2018-жылдын ноябрь айында түндө Лейлек районунун Арка-2 айылында 50 жаштагы аял өзүнүн жолдошун балталап өлтүргөндүгүн кабарланган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аял ал күнү өзүнүн жолдошу А.Г. менен бирге спирттик ичимдиктерди ичишкен. Ортолорунда кайым айтышуу жаралып, ал эт чапкан балтаны ала калып, күйөөсүн башка бир нече жолу чапкан. Жолдошу алган жаракаттарынан улам ошол жерде мерт болгон. Эртеси милиция окуя болгон жерге тез жардам кызматын чакырткан. Дарыгерлер барган учурда күйөөсү каза болуп калганы аныкталган. Жубайлар спирт ичимдиктерин көп ичип жүрүшкөндүктөрү такталган. Балдары чоңоюп, турмуш куруп кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголуп, аял камакка алынган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×