Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 29.01.2019 18:26 На русском

Сүрөт — 19 жаштагы Бегимай Орозбаева Кызыл-Кыя шаарындагы эң сулуу кыз деп табылды

Turmush -  19-январда Кызыл-Кыя шаарында «Мисс Кызыл-Кыя 2019» сулуулук сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сынактын уюштуруучулары Майсалбек Авазов менен Рустамбек Маматов кабарлады.

Маалыматка караганда, сынакта 1-орунду 19 жаштагы Бегимай Орозбаева ээлеп, «Мисс Кызыл-Кыя 2019» наамына татыктуу болду. Ага таажы, диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлык берилди.

«Биринчи вице-мисс» наамын Гүлбурак Артыкова ээлесе, «Экинчи вице-мисс» наамын Таттыбүбү Исманова алды. Аларга да дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сынак үчүн кастинг өткөн жылдын декабрь айында өтүп, жыйынтыгында 14 жаштан 22 жашка чейинки 14 кыз тандалып алынган. Катышуучулар саламдашуу, флешмоб бий, өз талантын көрсөтүү, улуттук жана кече көйнөктөрүн көрсөтүү тапшырмаларын аткарышты.

Кийин 25-январда Кызыл-Кыяда алгачкы жолу жигиттер арасында «Мистер Кызыл-Кыя 2019» сулуулук сынагы өттү.

Жыйынтык:

- «Мистер Кызыл-Кыя 2019» — 18 жаштагы Мыктыбек Атамбеков;

- «Биринчи вице-мистер» — Мурадил Хасидов;

- «Экинчи вице-мистер» — Бекмамат Кипчаков татыктуу болду.

Мыктыбек Атамбековго атайын таажы, диплом жана 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Мурадил Хасидов диплом жана 3 миң сом, Бекмамат Кипчаковго диплом жана 2 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×