Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусуБаткен району 29.01.2019 15:41 Жаңыланды: 29.01.2019 18:05 На русском

Баткенде караңгыда 2 унаа кагышып, тойдон кетип бара жаткан чет өлкөлүк 5 адам каза болду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 28-январда саат 20:30 чамасында Баткен районунда 2 унаа кагышып, өзбекстандык 5 адам каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык Ош—Исфана унаа жолунун 207-чакырымында болгон. Өзбекстандын Фергана облусунун 1967-жылы туулган тургуну И.М. өзүнүн «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, Баткен районунун Бужум айылынын 1993-жылы туулган тургуну О.У. айдап келе жаткан «Мерседес Бенц 313» унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «ДЭУ Нексиядагы» 5 адам каза болгон. Ал эми «Мерседестин» ичиндеги айдоочу менен бир жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жеңил унаада каза болгондор Өзбекстандын Риштон районунун тургундары экендиги такталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгондор Баткен шаарына тойго келип, кайра кетип бара жатышкан.

Ал эми Баткен облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбековдун айтымында, азыркы убакта каза болгон адамдар Өзбекстандын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×