Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусуКадамжай району 29.01.2019 09:40

Кадамжайдагы Чаувай айылынын тургундары 5 маселени чечүүнү суранышты. Аким көйгөйлөр чечилет деп ишендирди

Turmush -  Кечээ, 28-январда Кадамжай районунун Чаувай айылынын тургундары 5 маселе көтөрүп, акимге кайрылышты. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Көтөрүлгөн маселелер:

1. Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 75-108-чакырымындагы жолду, Көк-Талаа–Караван жолун бүткөрүүнү тездетүү;

2. Кызыл-Кыя шаарындагы эски аэропортту ишке киргизүү;

3. Үч-Коргон, Майдан, Масалиев, Чаувай айыл аймактарын бириктирип турган Исфайрам дарыясындагы көпүрөнүн курулушун бүткөрүү;

4. Элге турак жай үчүн Боз участкасынан жана Бүргөндү массивинен жер тилке берүүнү тездетүү;

5). Үч-Коргон–Чаувай унаа жолун асфальттоо.

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков бул маселелерди чечүүнүн үстүндө иштей тургандыгын айтты. Учурда Чаувай айылында 100гө жакын адам турак жай үчүн жер участогуна муктаж.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×