Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 28.01.2019 19:10 На русском

Кызыл-Кыяда инспекторду бурама менен сайган жигит жабырлануучу менен элдешип, сот залынан бошотулду

Turmush -  19-ноябрда Кызыл-Кыя шаарында мас болуп алып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин бурама (отвёртка) менен сайып, өзү качып кеткен айдоочу жигиттин иши сотто кыскартылды. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Маалыматка караганда, 1993-жылы туулган А. уулу Бекзат (аты өзгөртүлдү) 2018-жылдын 19-ноябрында саат 21:300 чамасында мас абалда «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаасын көчөгө айдап чыккан. Аны көчөдөн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери С.Орунбай (аты өзгөртүлдү) токтоткон. Бирок Бекзат талапка баш ийбей качып жөнөгөн. Көчөдөн унаасын кубалап жетип кармашкан учурда ал бурама (отвертка) менен Орунбайды көкүрөккө сайып, өзү качып кеткен. Анын кесепетинен инспектор жеңил жаракат алганы аныкталган. Бекзат 2018-жылдын 20-ноябрынан тарта камакка алынган болчу.

Жабырлануучу эмне дейт?

Жабыр тарткан инспектор Орунбай айыпталуучу Бекзат менен жарашкандыгын билдирип, аны айыптоодон баш тартты. Бул боюнча сотко тосмо арыз да жазып берип, ишти кыскартууну суранды.

Бекзат эмне дейт?

Бекзат инспектор менен жарашып алгандыгын айтып, кылган ишине өкүнө тургандыгын билдирди. Соттон анын жазык ишин кыскартууну суранды.

Прокурор менен жактоочу кандай пикирде?

Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу И.Насиров тосмо арыз менен таанышып чыгып, ага каршы эместигин билдирди. Бекзаттын жактоочусу Т.Атамбеков дагы ишти кыскартууну суранды.

Соттун чечими

Сот КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен айыпталып жаткан Бекзат жабырлануучу Орунбай менен элдешип алгандыгына байланыштуу анын ишин кыскартууну чечти. Ал сот залынан бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×