Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусуБаткен району 28.01.2019 12:30

Кадамжайдын Ак-Турпак айыл өкмөтүндө тойлордогу, жамандыктардагы ысырапкерчилик кыскарат

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө мындан ары тойлордогу, жамандыктардагы ысырапкерчиликтер кыскарат. Бул тууралуу 26-январда жергиликтүү бийлик, молдолор жана Миң-Чынар айылынын эли менен болгон жолугушууда маалым болду.

Маалыматка караганда, имамдар жакшылык, жамандык иш-чараларындагы ашыкча чыгымды алдын алуу маселесин түшүндүрүп беришти. Чогулушка катышкандар демилгеге макулдуктарын билдирди. Эгерде кимде-ким мындай ысырапкерчиликке барса чара колдонула турганы да айтылды.

Ошондой эле айылдагы мечиттин имамы Бердикул Аширов тарабынан азан чакыруу боюнча сынак өткөрүлдү. Ага жалпысынан 32 азанчы катышып, жыйынтыгында 1-орунду Тасмабек уулу Режавали ээлеп, 5000 сом алды. 2-орунду Уланбек Койчубаев ээлеп, 3000 сом, 3-орунду болсо Шарзод Кудратилла уулу ээлеп, 2000 сом акчалай сыйлыкка татыды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×