Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Баткен облусу, Баткен 28.01.2019 11:02

Баткенде чек арадагы чатактардын себептери менен иштей турган жумушчу топ түзүү сунушталды

Turmush -  26-январда Баткен облусунун жетекчилиги күч түзүмдөрүнүн, чек арадагы район, шаарлардын башчыларынын катышуусунда кеңешме өткөрдү.

Маалым болгондой, анда чек арадагы чыр-чатактарды алдын алуу, аларга себеп болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу, коңшулаш өлкөлөр ортосундагы макулдашылган чечимдерге жоопкерчилик менен мамиле жасоо, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды. Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы көрүстөнгө курулган бастырмага байланыштуу эки өлкөнүн айыл аймак башчыларынын оозеки макулдашуусу катуу сынга алынып, чек араны делимитациялоо жумуштары аяктаганга чейин такталбаган аймакка курулуш курбоо боюнча мамлекеттер аралык макулдашуу бар экени белгиленди.

Кеңешмеде чек арадагы чатактарды алдын алуу жана чыр-чатактарга себеп болгон маселелердин үстүндө иш алып барган атайын жумушчу топ түзүү сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×