Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуКадамжай району 26.01.2019 16:18

Кадамжайдын Масалиев айыл өкмөтү футболчулар М.Юсупов менен М.Ахмедовду кандай тосуп алышты? (видео, сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Масалиев айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары Мустафа Юсупов менен Муролымжон Ахмедовду салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу Масалиев айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, футболчуларды тосуп алууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустун аймагынан келген футбол күйөрмандары катышты. Айыл өкмөт Мустафа Юсупов менен Муролымжон Ахмедовду ардак грамота жана белектер менен сыйлады.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынан келишти 24-январда Бишкекке келишкен.

4 жылда бир өтүүчү Азия Кубогу 5-январда башталган. Контингенттеги маанилүү мелдешке жалпы 24 команда жолдомо алып, анын ичинен 16 команда 1/8 финалга чыккан болчу. Бул мелдешке тарыхта биринчи жолу катышып, дароо плей-оффко чыккан жалгыз Кыргызстандын командасы болду. Бирок үй ээси болгон Бириккен Араб Эмираттарынын командасы 1/8 финалда 3:2 эсеби менен жеңишке жетишти деп табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×