Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусуБаткен району 25.01.2019 13:51 На русском

Аким, молдо, жетекчи, айыл өкмөт: Баткен районунда «Жылдын мыктысы» наамын алгандар аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 25-январда Баткен районунда жыл мыктыларын аныктоо боюнча иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, «Жылдын мыкты адамы» номинациясы менен Баткен районунун акими Кеңеш Салихов сыйланды. «Мыкты айыл өкмөтү» деп Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтү табылса, «Жылдын мыкты дин кызматкери» наамын Муса Жолдошов алды. «Жылдын мыкты ишканасы» номинациясына Баткен райондук жана шаардык электр тармактар ишканасы ээ болуп, «Жылдын мыкты дарыгери» деп Арзыбек Бөрүбеков, «Жылдын мыкты айымы» деп «Актан-Шоола» бала бакчасынын башчысы Айымкан Салиева табылды. Аталган адамдар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×