Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусуЛейлек району 25.01.2019 12:02 Жаңыланды: 23.03.2019 15:31

Кыргыз-тажик чек арасында чоңойгон Бахрам өз миссиясын ишке ашырууда (сүрөт)

Turmush -  Лейлек районунун Андарак айылынын 29 жаштагы тургуну Бахрам Рахманкулов кыргыз-тажик элдеринин ортосундагы ынтымакты чыңдоо үчүн кам көрүп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Андарак айылы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан. Бул жердеги эки улуттун араздашуусун бала кезинен көрүп чоңойгон. Бала кезинде чоңойгондо чек арадагы жашоочулардын көз карашын өзгөртүүнү максат койгон.

«Мен ушул Андарак айылында чоңойгом. Бул жерде тажик айылы менен кыргыз айылы бирге жашайбыз. Бирок кыргыз балдар өзүнчө мектепте, тажик балдар өзүнчө мектепте билим алышат. Аксакалдар да өз-өзүнчө мечиттерге барышат. Мындан улам эки элдин бири-бирине болгон мамилеси жакшы болбой келет. Кээде турмуштук шарттардан улам араздашуулар болуп келген. Улуттар аралык чыр-чатактарды бул аймакта жашагандар жакшы түшүнүп калышкан. Мен ошол учурда элдеги көз караштарды, өзгөртүп, толеранттуулукту жайылтам, ынтымакта жашоого, бири-бирин сыйлоого көз караштарын өзгөртөм деген максат койдум», - деди ал.

Каарманыбыз 5 тилде эркин сүйлөп, улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөгө салым кошууда.

«Өзүм тажик улутунанмын. Бирок кыргыз университетинде окуп, кыргызча эркин сүйлөйм. Бул да болсо максаттарымды орундатууга өбөлгө болуп жатат. Орус, англис тилин да үйрөнүү заман талабы. Окууну аяктагандан кийин чоң шаарларга барып иштөөнү эңсеген жокмун. Болгону чек арадагы айылыбызга жаңы нерселерди алып келип, элдин жашоосун жакшыртуу менен бирге, толеранттуулукту жайылтууну максат кылдым. Ошондуктан ар кандай долбоорлорго катышып, уюмдарга мүчө болуп, ыктыярчы болуп жүрдүм. Өз айылыбыздагы жаштар менен иштеше баштадым. Бул менин максаттарыма жетүүмө түрткү болуп жатат», - деди ал.

Андарактыктардын айтымында, алар Бахрамды «улуттар аралык ынтымактын символу» атап алышкан.

«Негизинен Бахрам сыяктуу патриот балдар көп болсо өнүгүү да болот. Бул бала демилгелерди көтөрүп, айылда тажик-кыргыз балдары тарбияланчу бала бакча ачылып, жакшы иштеп жатат. Анан да бул жердеги Андарак менен Искраб айылы бир булактан суу ичебиз. Бирок ошол сууну талашып, көп чыр-чатактар орун алчу. Бахрамдын демилгеси менен булакты тосуп койгондон кийин суу талашуу маселеси чечилди. Кыргызстан көп улуттуу мамлекет болгондон кийин Бахрам сыяктуу демилгечи жарандар керек. Ошондуктан бул баланы «улуттар аралык ынтымактын символу» деп атап алганбыз», - деди Андарак айылынын тургуну Сухрабжан Эргешов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×