Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 25.01.2019 11:59 На русском

Тагдыр табыштырган бир туугандар: Баткендик Акылбек Францияда өскөн иниси менен жолугат (видео)

Turmush -  Францияда чоңойгон Кирилл Николь Морш (лакап аты Бен Жамин) 11 жашка чыкканда биологиялык апасын издеп, Россиядагы телеберүүгө кайрылган. Ал телеберүүнүн жардамы менен Кыргызстандагы туугандарын, бир тууган агасын тапкан болчу. Кирилл учурда бир тууган агасы менен жолугуу үчүн Москвада жашап жатат.

Кирилл Николь Морш 2007-жылы Москва шаарында жарыкка келген, улуту кыргыз. Төрөлгөндөн кийин бир апта өтпөй, өз апасы кургак учук оорусунан каза тапкан. Наристе балдар үйүндө чоңоюп, ал 2 жашка толгондо француз аял багып алган. Учурда ага-ини телефон аркылуу байланышып турушат. Ал эми агасы Акылбек Тагаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында туугандары менен жашайт. Учурда айылдагы мектепте 9-класста окуп жатат. Ал иниси менен интернет аркылуу байланышып турат. Бири-биринин тилин түшүнбөгөн бир туугандардын сөзүн жакындары которуп беришет. Кирилл көбүнчө агасынан апасы жөнүндө сурайт.

«Биз атайын WhatsApp тайпа ачып алганбыз. Бири-бирибиздин тилибизди түшүнбөйбүз, эжемдер которуп берип турат. Иним менден апам жөнүндө көбүрөөк сурайт. Апамды мен деле жакшы эстей албайм. Апам каза болгондо кичинекей болчумун», - деди Акылбек.

Акылбек төрөлгөндөн кийин ата-энеси эки башка жолго түшкөн. 1,5 жашынан тарта атасынын колунда тарбияланган Акылбек апасын көп деле эстей албайт. Ал эми Кирилл экөө энелеш бир туугандар. Эми эки өлкөдө тарбияланып жаткан бир туугандарды жолуктуруу аракети көрүлүүдө.

Акылбектин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан документ иштери такталып жатат. Документ иштери бүткөрүлсө жол акысын жергиликтүү бийлик, айыл тургундары чогултуп бере турган болду.

Караван айылынын башчысы Абдилазиз Аширов Акылбекке документ даярдалып жатканын айтты.

«Биз учурда документин даярдап жатабыз. Бүтүп калса карап отурбай, жардам беребиз. Муну жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги деп билем», - деди ал.

Кирилл Николь Морш агасы менен Москва шаарында жолугат. Ал эми Акылбек жолугушууну чыдамсыздык менен күтүүдө. Ал учурда англис жана орус тилдерин өздөштүрүп жатканын кошумчалады.

------------------------------------------------------------------------------

Францияда чоңойгон 11 жаштагы Кирилл Николь Морштун таякелери жактан туугандары Ош облусунан табылган.

Маалым болгондой, Кирилл Россиянын «Жди меня» телеберүүсүнө туугандарын таап берүүнү суранып кайрылган. Аталган телеберүү аркылуу ал бир тууган агасы Акылбек Тагаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык кеңешинде жашай турганын билген. Бирок агасы Акылбек Тагаевдин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн жоктугунан улам иниси менен жолугушуу үчүн Россияга бара алган эмес.

Кызыл-Кыянын мэри Эрмекбай Топчубаев анын документтери даярдалса иниси менен жолуктурууга аракеттер көрүлө тургандыгын билдирген эле.

«Биз Акылбекке документин даярдоого жардам беребиз. Документинин жоктугунан иниси менен жолугушууга бара албай калды. Биз аны интернет аркылуу гана байланыштыра алдык. Документтери бүткөндөн кийин иниси менен жолуктурууга аракет кылабыз», - деген мэр.

Акылбек Тагаевди атасынын эжеси багып чоңойткон. Ал бир тууган иниси бар экендигин буга чейин билген эмес.

«Мен апамды көргөн эмесмин. Сүрөттөрдөн гана көрүп жүрөм. Ал эми атамды көргөм. Атамдын да сүрөттөрдөн гана көрүп келем. Эжемдин 4 уул, 1 кызы менен чогуу чоңойдум. Азыр М.Күрөңкеев атындагы орто мектепте 9-класста окуп жатам. Иним бар экендигин укканда аябай толкундандым, кубандым. Буйруса чоңоюп үй салсам инимди өз үйүмө алып келип, Кыргызстан менен тааныштырам», - деген ал.

Ал эми Караван аймактык кеңешинин башчысы Нурмухаммед Кыпчаковдун айтымында, Акылбек токтоо, түз жүргөн бала.

Кириллди 2007-жылы Франциядагы үй-бүлө асырап алган. Бала эс тартып калгандан баштап өзүнүн ата-энесин билгиси келчү. Ал жаңы жылдын астында багып алган апасы Катрин Коллет Бубьян экөө Россиянын «Жди меня» берүүсүнө кайрылышкан. Кирилл жазылган катта өзүнүн биологиялык апасы аны төрөгөндөн кийин 1 жумадан соң каза болуп калгандыгын, андыктан анын сүрөтүн көрүп, башка балдары менен таанышууну каалай тургандыгын билдирген. Бала мындан тышкары аны балдар үйүндө караган тарбиячысын табууну суранган. Телеберүүгө Кириллдин төрөгөн апасынын бир туугандары келди. Алар анын апасы Москвада жашап жүрүп көз жаргандыгын айтышты. Бирок кош бойлуу учурунда кургак учук жуктуруп алган. Кургак учуктан дарылануу курсактагы балага (Кириллге) терс таасир этерин билип, бала ден соолуктуу болуп төрөлүшү үчүн дарыларды ичүүдөн баш тарткан.

Кирилл аталган телеберүүдө балдар үйүндөгү тарбиячысы, апасынын бир туугандары менен таанышып, бир тууган агасы Акылбек Тагаев менен интернет аркылуу сүйлөшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×