Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баткен облусуБаткен району 25.01.2019 09:36

Баткендеги айылдарда жаңы мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Turmush -  Кечээ, 24-январда Баткен районунун Сай, Бөжөй, Апкан айылдарынын тургундарына жаңы жылда күчүнө кирген мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, район акими Кеңеш Салихов жана район прокурору Анвар Исманов баш болгон жетекчилер эл менен жолугушту. Эл жаңы мыйзамдардын кемчиликтерин айтышты. УКМКнын өкүлү элге улуттар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштерин да жүргүздү.

Ал эми Баткен райондук фитосанитардык ветеринардык бекет башкармалыгынын башчысы Нармат Масеитов ар бир адам өзүнүн малын эмдетүүгө тийиш экенин белгилеп, базарга чыккан мал үчүн сөзсүз ветеринардын тактама керектигин айтты. Эгер тактамасы жок болсо жаңы мыйзамда каралгандай айып пул салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×