Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуКадамжай району 23.01.2019 11:31

Айыл турмушу: Кадамжайлык М.Эргешова чет өлкөдөн таттууларды жасаганды үйрөнүп келип, элетте ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн тургуну Мухае Эргешова 12 жылдан бери үй шартында тортторду жасап сатып ишкерлик кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, торт жасоону айылдагы кыз-келиндерге да үйрөтүп, жумушка чакырып, акы төлөп турат.

«Мен 12 жылдан бери үй шартында торт, пирог, самса жасап сатып киреше таап келем. Азыр кардарлар тойлорго буйрутма беришет. 200-300 адамга ылайык торт, пирогдорду жасайм. Мындан сырткары жума, ишемби күндөрү базарга чыгып сатам. Бир базарга чыкканда 10 миң сомдон ашык акча түшөт. Айылдагы 4-5 кызга үйрөттүм. Аларга акы төлөп берем. Тойлордо да 20 миң сомдой киреше болуп калат», - деди ал.

Ал алгач Өзбекстанга барып, кулинария тармагында окуп келген.

«12 жыл мурда Өзбекстанга барып, Ферганада 6 ай кулинария тармагы боюнча окуп келгем. Ошондон бери бул тармакты колго алып, тиричилик өткөрүп келебиз. Негизи бардык таттууларды жасаганга шыгым бар. Бирок баарын жасап сатууга кол жетишпейт. Андыктан кардарлардын талабына жараша гана таттууларды жасайбыз. Үйүмдө ашканага керектүү шаймандардын бардыгы бар», - деди ал.

Мухае Эргешова мындан сырткары багабанчылык менен алектенип, жашылча жемиштерди өстүрүп, эрте жазда сатыкка чыгарып киреше табат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×