Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баткен облусуБаткен району 22.01.2019 17:00

Баткендин Кыштут айылында санариптик телемунара орнотулуп, тургундар 15 канал көрүп жатышат (сүрөт)

Turmush -  1 ай мурда Баткен районунун Кыштут айылында санариптик телемунара орнотулду. Бул тууралуу айылдыктар билдиришти.

Маалыматка караганда, айылда союз учурунан бери телемунаранын жоктугунан сыналгы көрсөтпөй келген. Жаңы телемунара коюлгандан бери Россиянын 1-каналынан тышкары Кыргызстандын 15 каналы көрсөтүп жатат.

«Биздин Кыштут айылы тоолуу айыл. Эки тарабын тең тоо тосуп тургандыктан башка телемунараларды тоо тосуп, каналдар көрсөтпөйт. Союз убагынан бери Россиянын 1 эле каналы тартып келет. Биз Кыргызстандын жаңылыктарына караганда Россиянын жаңылыктарынан көбүрөөк кабардар болуп келебиз. Өлкө жаңылыктарынан артта калып, көчөлөрдө ушак айтышмай көп эле. Азыр эми телемунара орнотулуп, Кыргызстандын 15 каналы тартып калды. Балдар да көчөдө жүрбөй спорттук берүүлөрдү, балдар үчүн каналдарды көрүп калышты», - деди Кыштут айылынын тургуну Зуура Касымова.

Кыштут айылынын башчысы Исамидин Назировдун айтымында, мунараны коюуга жергиликтүү бийлик тарабынан акча каралып, эл ашар жолу менен орноткон.

«Буга айыл өкмөттөн 17 миң сом каралып, шаймандар алынды. Жергиликтүү калк ашар жолу менен куруп алышты», - деди ал.

Ал эми Кыштут айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, аналогдук телеканалдар өчүрүлгөнгөн чейин айылда КТРК, Россиянын ОРТ каналдары көрсөтүлүп келген. 2018-жылдын ноябрь айында РСТБнын Баткен районундагы бөлүмүнүн адистери тарабынан санариптик телечагылдыргычтын аппараттары алынып келинип орнотулду. Санариптик телечагылдыргычтын имаратынын курулуш материалдары айыл өкмөт тарабынан алынып берилди. Аны эл ашар жолу менен курду. Учурда элетте 15 канал көрсөтүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×