Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусуЛейлек району 22.01.2019 13:35

Лейлекте мектепке 1,5 км жөө каттап окуган балага президенттин атынан велосипед тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Лейлек районунун Маргун айылында 1,5 км алыстагы мектепке жөө каттап окуган 14 жаштагы Жылдызбек Шералы уулуна президенттин атынан велосипед белек кылынды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маргун айыл өкмөтүнүн башчысы Медербек Баетовдун айтымында, Жылдызбек учурда 7-класста окуйт.

«Жылдызбек Маргун айылындагы Мырзабек Баетов атындагы орто мектепте окуйт. Ата-энеси ажырашып кеткендиктен азыр таякесинин колунда. Ал мектепке 1,5 км жолду жөө басып келет. Жаңы жылдын астында өлкө башчысына мектепке барып-келгенге велосипед сурап кат жазган. Анын каалоосу орундалып, өлкө башчыбыз тарабынан белекке велосипед берилди», - деди ал.

Быйыл жаңы жылда Лейлектен 3 окуучу президентке кат жазган. 2 окуучуга таттуулар берилсе, 1 окуучуга велосипед тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×