Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусу, Кадамжай 22.01.2019 11:51

Урандыда калбасак экен: Кадамжайда жер титирөөдөн улам кыйшайып калган көп кабаттуу үйдө адамдар жашап жатышат (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай шаарында 2011-жылдагы жер титирөөдө кыйшайып калган көп кабаттуу үйлөрдө азыр да адамдар жашап жатат. Бул тууралуу жашоочулар билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөдөн Кадамжай шаарынын Северная көчөсүндөгү №23 үй жарым метрге чейин кыйшайып калган. Кооптуулук күч экенине карабай анда 16 үй-бүлө жашап жатат.

«8 жыл мурда болгон жер титирөөдөн батирибиз жараксыз абалга келген. Кооптуулук күч, бирок жашоого аргасызбыз. Анткени башка үй жок, үй салганга каражатыбыз жетишсиз. Азыр эми улам жер силкинүүнүн эпкини сезилген сайын уранды алдында калбасак деп чочулап турабыз», - деди райондун тургуну Майрамкан Абдыразакова.

Тургундар үчүн 2015-жылы 5 кабаттан турган 45 батирлүү үй курула баштаган.

«Ооба, бизге 45 батирлүү үй жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн деп айтышкан. Андан бери 3 жыл өттү. Үй бүтө элек. Бүткөн чакта деле акчасы биздин капчыгыбызга туура келбейт экен. Ансыз да өлбөстүн күнүн көрүп, өмүрүбүздү тобокелге салып келе жатабыз. Биз үчүн 5 жыл аралыгында ай сайын 10 миң сомдон ашуун акча төлөө кыйын», - деди Кадамжайдын дагы бир тургуну Чолпонай Азембаева.

Кадамжай шаарынын вице-мэри Чынгыз Тагаев үйдү бүтүрүү үчүн 10 млн сомдон ашык акча керектигин айтты.

«2011-жылы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 2015-жылы 45 батирлүү үй курула баштаган. 2017-жылы курулуш аяктаган. Бирок кээ бир жумуштар сметада каралбагандыктан акча бөлүнбөй, бүтпөй турат. Азыр толук колдонууга берүү үчүн бизге 10 млн 600 миң сом керек», - деди Тагаев.

ӨКМ Кадамжай шаарында 10дон ашуун үй авариялык абалда деп чечим чыгарган. Бул үйлөрдө 130 батир жайгашып, айрым жашоочулар жакын туугандарынын үйүнө кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×